# КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 3-апрелиндеги № 286-IV ""Кыргыз Республикасынын 2006-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 3-апрелиндеги № 286-IV ""Кыргыз Республикасынын 2006-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 286-IV
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74236>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-6454/edition/515720/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74236.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 3-апрелиндеги № 286-IV ""Кыргыз Республикасынын 2006-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө" токтому (03.04.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74236

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 3-апрели № 286-IV "Кыргыз Республикасынын 2006-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2007-жылдын 11-майындагы № 163 токтом) "Кыргыз Республикасынын 2006-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын кыйшаюсуз сактоо боюнча чараларды көрсүн; 2008-жылдын 29-январындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын 2006-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышынын аудитинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун аткаруу боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин; салыктар жана кайтарымсыз салык карыздары боюнча ашыкча төлөөлөрдүн суммасын азайтуу, ошондой эле дивиденддер боюнча карыздарды биринчи кезектеги тартипте тындыруу боюнча чараларды карасын; ал келип түшүүлөрдүн иш жүзүндө күтүлгөн көлөмдөрүнө негизденип, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландык көрсөткүчтөрүн аткарууну камсыз кылуу максатында атайын каражаттар боюнча түшүүлөрдү божомолдоону жүзөгө ашырсын; бюджеттин тартыштыгынын параметрлерин аныктоонун бирдиктүү усулун иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик финансы статистикасынын жана "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ылайык келтирсин; "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына республикалык бюджеттин отчеттук параметрлеринин бузулушуна жол бербөө боюнча талаптарды караган өзгөртүү жана толуктоо киргизсин.

Төраганын орун басары

Ч.Баекова
