Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «»Кыргыз Республикасынын 2006-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 3-апрели № 286-IV "Кыргыз Республикасынын 2006-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан демилге көтөрүлгөн (2007-жылдын 11-майындагы № 163 токтом) "Кыргыз Республикасынын 2006-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу боюнча Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын кыйшаюсуз сактоо боюнча чараларды көрсүн; 2008-жылдын 29-январындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын 2006-жылдагы республикалык бюджетинин аткарылышынын аудитинин жыйынтыктары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун аткаруу боюнча кабыл алынган чаралар тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине берсин; салыктар жана кайтарымсыз салык карыздары боюнча ашыкча төлөөлөрдүн суммасын азайтуу, ошондой эле дивиденддер боюнча карыздарды биринчи кезектеги тартипте тындыруу боюнча чараларды карасын; ал келип түшүүлөрдүн иш жүзүндө күтүлгөн көлөмдөрүнө негизденип, республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн пландык көрсөткүчтөрүн аткарууну камсыз кылуу максатында атайын каражаттар боюнча түшүүлөрдү божомолдоону жүзөгө ашырсын; бюджеттин тартыштыгынын параметрлерин аныктоонун бирдиктүү усулун иштеп чыгуу боюнча Мамлекеттик финансы статистикасынын жана "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболорун ылайык келтирсин; "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына республикалык бюджеттин отчеттук параметрлеринин бузулушуна жол бербөө боюнча талаптарды караган өзгөртүү жана толуктоо киргизсин.
Төраганын орун басары
Ч.Баекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2006-жыл үчүн республикалык бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралууЗакон · 15.05.2008 · № 82
- Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндөЗакон · 11.06.1998 · № 78 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 29-январындагы № 27 "Кыргыз Республикасынын 2006-жыл үчүн республикалык бюджетин аткаруу аудитинин жыйынтыктары жөнүндө" токтомуПостановление · 29.01.2008 · № 27 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-майындагы № 163 "2006-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу"Постановление · 11.05.2007 · № 163 · Күчүн жоготкон