Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
9-статья. Илимий жана илимий-техникалык мекемелердин укуктук абалы
Күчүн жоготкон · 16.06.2017 редакциясы · III бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 июня 2017 года № 103.
Эгерде илимий-изилдөө иши аталган мекеменин уставында каралган максаттарга жана милдеттерге ылайык келсе жана Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына карама-каршы келбесе илим-изилдөө иштерин жүзөгө ашы- рышат. Илимий жана илимий-техникалык мекемелер:
- илимий ишинин негизги багыттарын өз алдынча аныктоого;
- илимий изилдөөлөрдү финансылоо боюнча конкурстарга катышууга;
- башка илимий мекемелер жана ишканалар менен тикелей байланыштар-
ды өнүктүрүүгө;
- бирикмелерге кирүүгө, белгиленген тартипте филиалдарды, ошондой
эле өндүрүштүк жана башка чарбалык ишканаларды (илимий-техникалык, тех- нологиялык жана башка продукцияларды алуу үчүн менчигинин түрү ар кан- дай болгон ишканаларды), эгерде бул илимий уюмдун уставында каралса, илим-изилдөө боюнча тектеш биргелешкен кичи бөлүмдөрдү түзүүгө;
- илимий эмгектерди, мезгилдүү жана сериялуу басмаларды бастырып
чыгарууга;
- илимий-техникалык маалыматтардын банктарын калыптандырууга, или-
мий конференцияларды жана башка иш-чараларды өткөрүүгө;
- илимий кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга, аспиранту-
ра жана докторантура аркылуу даярдоону жүзөгө ашырууга;
- белгиленген тартипте илимий даражаларды берүү жана илимий наам-
дарды ыйгаруу боюнча кењештерди түзүүгө;
- мамлекеттер аралык илимий-техникалык программаларга катышууга,
чт өлкөлүк уюмдар менен контракттар түзүүгө;
- эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе
граждандарга жана тышкары турган уюмдарга, мекемелерге кошумча акы алып кызмат көрсөтүүгө укуктуу. Мамлекеттик илимий мекемелерге алардын ишинин бүткүл мөөнөтүнө мамлекет алардын уставында каралган иш үчүн пайдаланыла турган негизги жана жүгүртмө фондуларды, жерди жана башка мамлекеттик мүлктү акысыз пайдаланууга берет. Мамлекеттик илимий мекемелерге алардын ишинин бүткүл мөөнөтүнө илимий, сыноо полигондору үчүн жер участоктору (геоэкологиялык, физика- лык, химиялык жана башка) акысыз пайдаланууга берилиши мүмкүн. Негизги жана жүгүртмө каражаттар, жер участоктору жана башка мам- лекеттик мүлк алынып коюлбайт. Кыргыз Республикасынын илимий мекемелери зарыл болгон учурда бел- гиленген тартипте тармактык жана регионалдык бөлүмдөрдү, илим-изилдөө институттарын, илимий, окуу-илимий инженердик борборлорду, или- мий-окуу-дарылоо комплекстерин, инновациялык борборлорду, чакан жана биргелешкен ишканаларды түзө алышат.
Берененин тексти 16.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/742/st-9" title="9-статья - Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>