# 7-статья. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана мамлекеттик

- Документ: [Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/742)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1485-XII "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1485-XII
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 июня 2017 года № 103 "О науке и об основах государственной научно-технической политики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111606)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-706/edition/806527/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/742/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу, 7-статья (16.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-7

---

башкаруу органдарынын мамлекеттик илимий-техникалык саясатты башкаруу жагындагы бийлик-укугу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:

- мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негизги максаттарын, ба-

гыттарын, принциптерин аныктайт;

- мамлекеттик илимий-техникалык саясатты турмушка ашырууну камсыз

кылат;

- илим менен техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылык берилген багытта-

рын, улуттук жана мамлекеттик илимий-техникалык программалардын тизме- син макулдашат жана бекитет;

- мамлекеттик илим-изилдөө мекемелерин, жогорку окуу жайларын,

республикалык илимий-өндүрүштүк бирикмелерди жана комплекстерди, илимий борборлорду, эгерде алар республиканын бюджетинен финансыланса, башка мамлекеттер жана чет өлкөлүк фирмалар менен биргелешип түзүлгөн илимий мекемелерди түзөт жана жоет;

- илимий изилдөөлөрдү мамлекеттик бюджеттен камсыздоону жүзөгө

ашырат, илимий мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыњдоо боюн- ча чараларды көрөт;

- мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын натыйжалуу чыгымдалышына,

материалдык-техникалык базанын сарамжал пайдаланылышына контролдукту жүзөгө ашырат;

- илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруу жана ага колдоо көрсөтүү

үчүн бюджеттен тышкаркы фондуларды түзүүгө колдоо көрсөтөт жана ага түрткү берет;

- республиканын мамлекеттик бюджетинен финансылануучу

илим-изилдөө, тажрыйба-конструктордук жана технологиялык иштерди коор- динациялайт;

- колдонуудагы мыйзамдардын негизинде илимий-техникалык прогрессти

тездетүү боюнча иш жүргүзгөн ишканалардын, бирикмелердин жана уюмдардын ишине түрткү берүүчү экономикалык, укуктук жана уюштуруучулук механизм- дерди түзөт;

- илимий-техникалык чөйрөдөгү кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык

макулдашууларды, келишимдерди түзөт, эл аралык илимий-техникалык кыз- матташтык чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын ишканаларынын, мекемеле- ринин жана уюмдарынын ишин координациялайт. Мамлекеттик илимий-техникалык саясатты Өкмөт өзүнүн атайын түзүлгөн органы (же органдары) аркылуу жүзөгө ашырат, бул орган Өкмөт тарабынан бекитилген Жобого ылайык иш жүргүзөт. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер жана административдик ве- домстволор жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун башка борбордук органдары, мамлекеттик бийлик жана башкаруунун жергиликтүү органдары мамлекеттик илимий-техникалык саясатты жүзөгө ашырууга колдо- нуудагы мыйзамдарда каралган өз бийлик-укуктарынын чектеринде катышы- шат.

---

Мурунку берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-6)  
Кийинки берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-8)
