# 5-статья. Мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негизги

- Документ: [Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/742)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1485-XII "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1485-XII
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 июня 2017 года № 103 "О науке и об основах государственной научно-технической политики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111606)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-706/edition/806527/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/742/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу, 5-статья (16.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-5

---

принциптери

Төмөндөгүлөр:

- илимий-техникалык прогресстин коомдун экономикалык, социалдык

жана рухий өнүгүшү менен органикалык биримдиги;

- башкарууну демократиялаштыруу (коомдук талкуунун ар кандай

түрлөрү, компетенттүү жана объективдүү экспертиза, конкурстук башталыш- тар);

- экологиялык коопсуздуктун талаптарын эске алуу;

- илимий-техникалык артыкчылыктарды тандап алуу жана аларды ишке

ашыруу үчүн ресурстарды топтоо жолу аркылуу Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн эњ маанилүү проблемаларын чечүүнү камсыз кылуучу илим-изилдөө иштерине биринчи кезекте мамлекеттик колдоо көрсөтүү;

- илимий жана ойлоп табуу ишине, техникалык чыгармачылыкка колдоо

көрсөтүү, интеллектуалдык менчикти коргоо;

- илимий-техникалык чөйрөдөгү атаандаштыкка жана ээлик кылуучулук-

ка колдоо көрсөтүү;

- илимий-техникалык ишти уюштуруунун бардык түрлөрүнүн тењ укукту-

улугу, коллективдүү жана жеке илимий-техникалык чыгармачылыкты айкалыш- тыруу;

- илимий, билим берүүчү жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктү өнүктүрүүнүн

биримдиги;

- илимий-техникалык коомчулуктун мамлекеттик илимий-техникалык са-

ясатты калыптандырууга жана ишке ашырууга катышуусу;

- илимий-техникалык прогрессти камсыз кылуу үчүн дүйнөлүк илимдин

жана эл аралык илимий-техникалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн кењири пайдалануу;

- илимий-техникалык маалыматты жайылтуунун эркин болушу жана или-

мий-техникалык жетишкендиктерди пропагандалоо Кыргыз Республикасынын мамлекеттик илимий-техникалык саясатынын негизги принциптери болуп эсептелет.

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-6)
