47-статья. Мамлекет жана эл аралык илимий-техникалык кызматташтык
Күчүн жоготкон · 16.06.2017 редакциясы · VIII бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 июня 2017 года № 103.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 октября 2008 года № 231
Мамлекет эл аралык илимий-техникалык кызматташтыкка колдоо көрсөтүп, зарыл болгон укуктук жана экономикалык шарттарды түзөт жана эгерде бул мамилелер Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына карама-каршы келбесе, илимий-техникалык иштин субъектилери тарабынан эл аралык илимий коомчулуктар менен эркин жана тењ укуктуу мамилелерди жүзөгө ашырышына көмөк көрсөтөт. Эл аралык илимий-техникалык кызматташтык: биргелешкен илимий изилдөө иштерин, кооперациянын негизинде техни- калык жана технологиялык иштеп чыгууларды, биргелешкен илимий-техника- лык программаларды жүргүзүү; жалпы координациялоочу макулдашуулар боюнча изилдөөлөрдү жана иш- теп чыгууларды жүргүзүү; тараптардын бири чет мамлекеттин уюму же эл аралык уюм болуп эсеп- телген макулдашууда каралган иштерди аткаруу; эл аралык илимий уюмдарды, борборлорду, убактылуу жамааттарды тү- зүү, илимий уюмдардын ишине тартылган чет өлкөлүк инвестициялар бажы жыйымдарынан бошотулат; адистердин эл аралык жамааттарында, эл аралык институттарда жана эл аралык жана биргелешкен ишканалар менен уюмдарда биргелешкен изилдөөлөрдү жана иштеп чыгууларды жүргүзүү, илимий-техникалык иштин субъектилеринин ортосундагы келишимдердин негизинде илимий-техникалык продукцияга болгон менчикти пайдалануу; илимий-техникалык маалыматтарды өз ара макулдашууну жүзөгө ашыруу, биргелешкен мамлекеттер аралык маалымат фондуларын, маалыматтардын банктарын пайдалануу; эл аралык конференцияларды, конгресстерди, симпозиумдарды өткөрүү; илимий-техникалык жана окутуучу кадрларды, студенттерди жана аспи- ранттарды бири-бирине жиберүү, ошондой эле адистерди биргелешип даярдоо аркылуу жүзөгө ашырылат. Илимий-техникалык иштин субъектилери колдонуудагы мыйзамдарга ыла- йык эл аралык программаларды аткарууга катыша алышат жана чет өлкөлүк уюмдар жана фирмалар менен макулдашууларды түзө алышат, чет өлкөлүк жа- на эл аралык илимий коомчулуктарга, ассоциацияларга жана бирликтерге алардын мүчөлөрүнүн укугунда катыша алышат, чет өлкөлүк уюмдар жана фирмалар менен контракттарды түзө алышат, эл аралык симпозиумдарга жана башка иш-чараларга катышуу үчүн чет өлкөгө бара алышат. Кыргыз Республикасынын аймагында алынган эл аралык илимий иштин натыйжаларын республика акысыз пайдаланууга укуктуу. Эл аралык илимий-техникалык кызматташтык чөйрөсүндөгү чектөөлөр Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленет. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
47-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/742/st-47" title="47-статья - Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>