# 45-статья. Мамлекеттик инновациялык фонду

- Документ: [Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/742)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1485-XII "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1485-XII
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 июня 2017 года № 103 "О науке и об основах государственной научно-технической политики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111606)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 октября 2008 года № 231 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202446)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/742#diff=806528..806529>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-706/edition/806527/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/742/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу, 45-статья (16.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-45

---

Кыргыз Республикасында илим менен техниканы өнүктүрүүнү жана анын жетишкендиктерин пайдалануу камсыз кылуу боюнча иш-чараларды финансылоо жана материалдык-техникалык жактан колдоо көрсөтүү үчүн мамлекеттик ин- новациялык фонду түзүлөт. Мамлекеттик инновациялык фонд мамлекет тарабынан илимий-техникалык ишке колдоо көрсөтүү үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын, юридикалык жактардын жана жеке адамдарынын төлөмдөрүнүн эсебинен Кыргыз Республи- касынын Өкмөтү тарабынан түзүлөт. Мамлекеттик инновациялык фондуга ишканалар менен уюмдардын төлөм- дөрүнүн суммалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү ушул фонду жөнүндөгү Жобого ылайык өлчөмдөрдө эсептелип чыгарылат жана продукциялардын өздүк наркына таандык кылынат. Илим менен техниканы өнүктүрүүнү материалдык жактан камсыз кылуу жана анын жетишкендиктерин пайдалануу маселелерин оперативдүү чечүү үчүн Кыргыз Республикасында Материалдык-техникалык жана сырьелук ре- сурстардын мамлекеттик резерви түзүлүп, ал Мамлекеттик инновациялык фондунун ажырагыс курамдык бөлүгү болуп эсептелет. Аталган резервдин ресурстарынын көлөмү мамлекет тарабынан илимди жана техниканы өнүктүрүү муктаждыктарына бөлүнүүчү материалдык-техникалык жана сырьелук ресурс- тардын 10 процентинен кем болбоого тийиш. Бул фонду жөнүндө Жобого ылайык илимий-техникалык чөйрөдөгү мамле- кеттик башкаруунун борбордук жана жергиликтүү органдары мамлекеттик ин- новациялык фондунун каражаттарын жана материалдык-техникалык ресурстар- ды бөлүштүрүүчүлөр болуп эсептелет. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [44-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-44)  
Кийинки берене: [46-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-46)
