45-статья. Мамлекеттик инновациялык фонду
Күчүн жоготкон · 16.06.2017 редакциясы · VII бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 июня 2017 года № 103.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 17 октября 2008 года № 231
Кыргыз Республикасында илим менен техниканы өнүктүрүүнү жана анын жетишкендиктерин пайдалануу камсыз кылуу боюнча иш-чараларды финансылоо жана материалдык-техникалык жактан колдоо көрсөтүү үчүн мамлекеттик ин- новациялык фонду түзүлөт. Мамлекеттик инновациялык фонд мамлекет тарабынан илимий-техникалык ишке колдоо көрсөтүү үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын, юридикалык жактардын жана жеке адамдарынын төлөмдөрүнүн эсебинен Кыргыз Республи- касынын Өкмөтү тарабынан түзүлөт. Мамлекеттик инновациялык фондуга ишканалар менен уюмдардын төлөм- дөрүнүн суммалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилүүчү ушул фонду жөнүндөгү Жобого ылайык өлчөмдөрдө эсептелип чыгарылат жана продукциялардын өздүк наркына таандык кылынат. Илим менен техниканы өнүктүрүүнү материалдык жактан камсыз кылуу жана анын жетишкендиктерин пайдалануу маселелерин оперативдүү чечүү үчүн Кыргыз Республикасында Материалдык-техникалык жана сырьелук ре- сурстардын мамлекеттик резерви түзүлүп, ал Мамлекеттик инновациялык фондунун ажырагыс курамдык бөлүгү болуп эсептелет. Аталган резервдин ресурстарынын көлөмү мамлекет тарабынан илимди жана техниканы өнүктүрүү муктаждыктарына бөлүнүүчү материалдык-техникалык жана сырьелук ресурс- тардын 10 процентинен кем болбоого тийиш. Бул фонду жөнүндө Жобого ылайык илимий-техникалык чөйрөдөгү мамле- кеттик башкаруунун борбордук жана жергиликтүү органдары мамлекеттик ин- новациялык фондунун каражаттарын жана материалдык-техникалык ресурстар- ды бөлүштүрүүчүлөр болуп эсептелет. (КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 16.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
45-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/742/st-45" title="45-статья - Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>