43-статья. Прикладдык илимий-изилдөөлөрдү өнүктүрүүгө,
Күчүн жоготкон · 16.06.2017 редакциясы · VII бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 июня 2017 года № 103.
долбоорлоо-конструкторлук жана технологиялык иштерге жана алардын натыйжаларын өндүрүштө өздөштүрүүгө мамлекеттик колдоо көрсөтүү
Өндүрүштө реконструкциялоо жана техникалык жактан кайра жабдуу үчүн жањы техниканы жана технологияларды түзүүгө, өздөштүрүүгө жана кењири жайылтууга багытталган прикладдык изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар рыноктук механизмдерди жана мамлекеттик түрткү берүүчү таасирин пайда- лануу аркылуу айкын заказчы менен басымдуу түрдө келишимдик негизде жүргүзүлөт. Мамлекет илимий-техникалык прогресстин артыкчылык берилген багыт- тары боюнча жүргүзүлүп жаткан прикладдык изилдөөлөргө жана иштеп чыгуу- ларга финансылык колдоо көрсөтүп, ишке тиешеси бар ишканалар жана уюм- дар менен пайлык негизде бюджеттик каражаттардын эсебинен экологиялык коопсуздуктун маселелерин чечет. Ишканалар, бирикмелер жана уюмдар толук чарбалык эсепте болгон учурда мамлекет алардын өз пайдасын илимий-техникалык иштерди финансы- лоого пайдаланышына, алардын ички жана тышкы рыноктун керектөөлөрүнө ылайык өндүрүштүн техникалык дењгээлин жана продукциянын сапатын жого- рулатуу боюнча активдүү иштешине, техниканын принцибинде жањы түрлөрүн жана ресурстарды сактоочу экологиялык жактан коопсуз технологияларды түзүшүнө жана өздөштүрүшүнө, ойлоп табууларды пайдаланышына көмөк көрсөтөт. Бул ишке түрткү берүү максатында менчигинин түрүнө карабастан ишканаларга, бирикмелерге жана уюмдарга белгиленген тартипте жењилдик- тер берилет. Илимий-техникалык мүмкүнчүлүгү өнүккөн жана өндүрүштүн маданияты жогору болгон ишканалар, бирикмелер жана уюмдар илимий-техникалык прог- ресстин артыкчылык берилген багыттарын ишке ашырууга байланыштуу мамле- кеттик заказды алууда артыкчылык укугунан пайдаланышат. Бул контракт- тарды (келишимдерди) аткаруу үчүн чакан инновациялык уюмдар жана ишка- налар тартылат. Мамлекет өндүрүштүн техникалык дењгээлин жогорулатуудагы жана тех- ника менен технологиялардын жањы муундарын түзүүдөгү инженерлердин, технологдордун, жогорку квалификациялуу жумушчулардын өзгөчө ролун эске алып, бул кесиптердин артыкчылыгынын коом тарабынан таанылышына, эмгек- тин сапатына жана квалификациясына ылайык моралдык жана материалдык түрткү берүү системасын өркүндөтүүгө көмөк көрсөтөт.
Берененин тексти 16.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
43-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/742/st-43" title="43-статья - Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>