# 4-статья. Мамлекеттик илимий-техникалык саясатты аныктоо

- Документ: [Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/742)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1485-XII "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1485-XII
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 июня 2017 года № 103 "О науке и об основах государственной научно-технической политики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111606)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-706/edition/806527/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/742/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу, 4-статья (16.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-4

---

Мамлекеттик илимий-техникалык саясат илимий-техникалык чөйрөдөгү Кыргыз Республикасынын мамлекеттин негизги максаттарын, багыттарын, принциптерин, ишинин түрлөрүн жана ыкмаларын аныктай турган социал- дык-экономикалык саясатынын курамдык бөлүгү. Мамлекет илимий-техникалык саясатты калыптандырат, мамлекеттер аралык жана эл аралык маанидеги илимий-техникалык иштерге өзүнүн каты- шышынын чараларын, түрлөрүн жана каражаттарын өз таламдарына жана мүмкүнчүлүктөрүнө негизденип аныктайт, илимий-техникалык чөйрөдөгү өзүнүн укуктарын жана таламдарын сактай турган структураларды түзөт. Мамлекет:

- илимий-техникалык иштин бардык субъектилерине мамлекеттик колдоо

көрсөтүү менен кошо алганда илимий-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү калып- тандыруу жана аларды натыйжалуу пайдалануу үчүн социалдык-экономикалык, уюштуруучулук, укуктук шарттарды;

- илимдин азыркы кездеги инфраструктурасын түзүүнү, илимий-техни-

калык кадларды даярдоону, алардын укуктук жана социалдык жактан корго- лушун;

- илим менен өндүрүштөрдү түзүүнү интеграциялоону;

- фундаменталдуу изилдөөлөрдү, мамлекеттик илимий-техникалык прог-

раммаларды мамлекет тарабынан финансылоону жана аларды материалдык-тех- никалык жактан артыкчылык берип камсыз кылууну, мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын натыйжалуу жана сарамжал пайдаланылышына контролдук жүргүзүүнү;

- илим менен техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылык берилген багыттары-

на жана аларды ишке ашыруу үчүн ресурстарды топтоого колдоо көрсөтүүнү;

- илимий-техникалык продукциянын рыногун түзүүнү жана илим менен

техниканын жетишкендиктерин өндүрүштүк жана социалдык чөйрөгө жайылтуу- ну;

- илимий-техникалык чөйрөдө статистиканы уюштурууну;

- илим менен техника чөйрөсүндө чечимдерди кабыл алууну маалымат

менен камсыз кылууну;

- изилдөөлөрдүн, жањы технологиялар менен техникалардын или-

мий-техникалык дењгээлине баа берүүнү, маанилүү илимий-техникалык дол- боорлорду экспертизадан өткөрүүнү;

- ата мекендик жана дүйнөлүк илим менен техниканын жетишкендикте-

рин эл чарбасында пайдалануу үчүн башка мамлекеттер менен байланыштарды түзүүнү камсыз кылат.

---

Мурунку берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-3)  
Кийинки берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-5)
