# 38-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер фондусу

- Документ: [Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/742)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1485-XII "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1485-XII
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 июня 2017 года № 103 "О науке и об основах государственной научно-технической политики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111606)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-706/edition/806527/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/742/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу, 38-статья (16.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-38

---

Илим менен техниканын артыкчылык берилген жана жањы багыттарын өнүктүрүүнү камсыз кылуу, келечектүү иштеп чыгууларды өндүрүшкө жайыл- туу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында, же Өкмөт тарабынан бийлик укугу берилген органдын алдында Улуттук илимдер фондусу түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер фондусунун каражаттары: фундаменталдуу, иликтенүүчү (кооптуу) прикладдык илимий изилдөөлөрдү жана республикалык максаттуу илимий-техникалык программа- ларды финансылоого; республиканын регионалдык илимий борборлоруна илимий-техникалык мүмкүнчүлүктү өнүктүрүүгө жана айрым окумуштууларга жардам көрсөтүүгө; илим менен техниканын келечектүү жана жањы багыттары боюнча илимий кадрларды даярдоо программаларын ишке ашырууга багытталат, буга кадр- ларды чет өлкөлөрдө даярдоо жана кайра даярдоо кирет. Улуттук илимдер фондусунан каражаттарды алууда фундаменталдуу или- мий изилдөөлөргө артыкчылык берилип, аларды финансылоого Фондунун кара- жаттарынын басымдуу көпчүлүгү жумшалат. Менчигинин түрүнө карабастан илим-изилдөө мекемелерине, жогорку окуу жайларына жана башка уюмдарга, ошондой эле айрым изилдөөлөргө кон- курс тартибинде, көз карандысыз экспертизанын негизинде Кыргыз Респуб- ликасынын Улуттук илимдер фондусунун каражаттарын алууга бирдей жол бе- рилет. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер фондусу жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-39)
