38-статья. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер фондусу
Күчүн жоготкон · 16.06.2017 редакциясы · VII бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 июня 2017 года № 103.
Илим менен техниканын артыкчылык берилген жана жањы багыттарын өнүктүрүүнү камсыз кылуу, келечектүү иштеп чыгууларды өндүрүшкө жайыл- туу үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдында, же Өкмөт тарабынан бийлик укугу берилген органдын алдында Улуттук илимдер фондусу түзүлөт. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер фондусунун каражаттары: фундаменталдуу, иликтенүүчү (кооптуу) прикладдык илимий изилдөөлөрдү жана республикалык максаттуу илимий-техникалык программа- ларды финансылоого; республиканын регионалдык илимий борборлоруна илимий-техникалык мүмкүнчүлүктү өнүктүрүүгө жана айрым окумуштууларга жардам көрсөтүүгө; илим менен техниканын келечектүү жана жањы багыттары боюнча илимий кадрларды даярдоо программаларын ишке ашырууга багытталат, буга кадр- ларды чет өлкөлөрдө даярдоо жана кайра даярдоо кирет. Улуттук илимдер фондусунан каражаттарды алууда фундаменталдуу или- мий изилдөөлөргө артыкчылык берилип, аларды финансылоого Фондунун кара- жаттарынын басымдуу көпчүлүгү жумшалат. Менчигинин түрүнө карабастан илим-изилдөө мекемелерине, жогорку окуу жайларына жана башка уюмдарга, ошондой эле айрым изилдөөлөргө кон- курс тартибинде, көз карандысыз экспертизанын негизинде Кыргыз Респуб- ликасынын Улуттук илимдер фондусунун каражаттарын алууга бирдей жол бе- рилет. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер фондусу жөнүндө Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 16.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
38-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/742/st-38" title="38-статья - Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>