# 37-статья. Илимий-техникалык ишти бюджеттен финансылоо

- Документ: [Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/742)
- Документтеги орду: VII бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1485-XII "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1485-XII
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 июня 2017 года № 103 "О науке и об основах государственной научно-технической политики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111606)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-37>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-706/edition/806527/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/742/st-37.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу, 37-статья (16.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-37

---

Төмөндөгүлөр: фундаменталдуу изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар; илим менен техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылык берилген багыттарынын чектеринде аткарылган иштер; натыйжалары жалпы мамлекеттик мааниге ээ болгон прикладдык или- мий-техникалык иштеп чыгуулар; мамлекеттер аралык макулдашуулардын негизиндеги илимий-техникалык кызматташтыкка байланыштуу иштеп басымдуу түрдө бюджеттик каражаттардын эсебинен финансыланат. Илимий-техникалык иштерди бюджеттик финансылоо: илимий мекемелерде жана жогорку окуу жайларында өткөрүлүүчү фунда- менталдык изилдөөлөргө колдоо көрсөтүүчү каражат катарындагы базалык финансылоо; артыкчылык берилген багыттар, илимий-техникалык программалар боюн- ча илим изилдөөлөрдү иштеп чыгууларды максаттуу финансылоо; гранттар системасы боюнча айрым изилдөөлөрдү иштеп чыгууларды контракттык финансылоо аркылуу жүзөгө ашырылат. Илимий-техникалык ишти бюджеттен финансылоонун базалык, максаттуу жана контракттык жалпы тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, же болбо- со Өкмөт тарабынан бийлик-укугу берилген мамлекеттик орган тарабынан көз карандысыз эксперттик кењештердин корутундуларынын негизинде анык- талат. Гранттар боюнча алынган илим-изилдөө иштерине кетүүчү финансы ка- ражаттарын тескөө теманын, программанын, долбоордун илимий жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат. Мамлекеттер аралык жана тармактар аралык илимий-техникалык макул- дашуулардын негизинде калыптандырылган жана ишке ашырылып жаткан или- мий-изилдөөлөрдү жана илимий-техникалык программаларды финансылоо үлүштүк катышуу тартибинде ишке тиешеси бар тараптардын ортосунда кели- шимдик негизде жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-36)  
Кийинки берене: [38-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-38)
