# 31-статья. Көз карандысыз илимий-техникалык экспертиза

- Документ: [Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/742)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1485-XII "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1485-XII
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 июня 2017 года № 103 "О науке и об основах государственной научно-технической политики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111606)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-31>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-706/edition/806527/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/742/st-31.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу, 31-статья (16.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-31

---

Көз карандысыз илимий-техникалык экспертиза илимий-техникалык иш- тин ажырагыс элементи болуп саналат жана илим менен техниканы өнүктүрүү, тиешелүү илимий-техникалык программалар менен долбоорлордун жана артыкчылык берилген багыттарынын структурасынын жана мазмунунун илимий жактан негизделишин камсыз кылуу, илимий-техникалык ишти жүзөгө ашыруунун социалдык-экономикалык жана экологиялык натыйжаларын аныктоо, илимий-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануунун натыйжалуулугуна тал- доо жүргүзүү, изилдөөлөрдүн жана алардын натыйжаларынын дењгээлин анык- тоо максатында жүргүзүлөт. Көз карандысыз илимий-техникалык экспертиза мамлекеттик жана коом- дук уюмдардын, мекемелердин, окуу жайларынын өкүлдөрүнүн, ошондой эле айрым адистердин, анын ичинде чет өлкөлүк адистердин катышуусу менен киргизилет. Илимий кызматкерлерди, адистерди, ошондой эле илимий уюмдар менен мекемелерди экспертиза өткөрүүгө тартуу контракттын (келишимдин) неги- зинде жүзөгө ашырылып, анда экспертиза өткөрүүгө байланыштуу аракеттер шартталат. Экспертиза өткөрүүгө кетүүчү каражаттар илимий-техникалык ишти фи- нансылоого кетүүчү жалпы чыгашалардын көлөмүндө каралат. Көз карандысыз илимий-техникалык экспертиза органдарын уюштуруунун жана анын ишинин тартиби жана алардын структурасы Кыргыз Республикасы- нын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык Өкмөт тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [30-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-30)  
Кийинки берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-32)
