Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
25-статья. Илимий-техникалык кадрларды калыптандыруу жана аны
Күчүн жоготкон · 16.06.2017 редакциясы · IV бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 июня 2017 года № 103.
кубаттоо боюнча мамлекеттик саясат
Мамлекеттик илимий-техникалык саясатты түзүүчү илимий-техникалык кадрларды калыптандыруудагы мамлекеттик саясат коомдун интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүн көбөйтүүгө, илимий жана техникалык маданиятты өнүктүрүүгө жана жайылтууга, илимий-техникалык кызматкерлерди жањычылдыкка жана чы- гармачылык жөндөмдүүлүктөргө тарбиялоого багытталган. Мамлекет илимий эмгектин артыкчылыгын жогорулатууну, илимий-техни- калык кызматкерлердин жана илимий-педагогикалык кадрлардын социалдык, экономикалык жана адеп-ахлак жагынан корголушун камсыз кылат. Мамлекет илимий-техникалык кадрларды мамлекеттик илимий мекемелер- де жана окуу жайларында даярдоону жана кайра даярдоону камсыз кылып, бул үчүн зарыл болгон каражаттарды жана материалдык ресурстарды бөлүп берет, мыйзамга ылайык тиешелүү жењилдиктерди берет. Мамлекет кадрларды окутууну жана квалификациясын жогорулатууну жүзөгө ашырып жаткан мен- чиктин ар кандай түрүндө болгон уюштуруу структураларынын иш жүргүзүшү үчүн бирдей укуктук шарттарды түзөт. Мамлекет таланттуу жаштарды издеп табуунун жана тандап алуунун, жогорку окуу жайларынын, илимий уюмдар менен ишканалардын базасында адистештирилген илимий-изилдөө жана окуу-өндүрүштүк мекемелерди калып- тандыруу системасын түзүүнү камсыз кылат, жаштарды үйрөтүүгө, илимий кызматкерлердин окутуучулардын, адистердин окутуучулук жана илим-изилдөө иштеринде, илим менен билим берүүнү интеграциялоонун башка түрлөрүндө да иштешине көмөк көрсөтөт. Мамлекет Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жерлерде или- мий-техникалык жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоого жана кайра даярдоого көмөк көрсөтөт. Мамлекет кадрларды аттестациялоонун системасын жайылтат жана ага колдоо көрсөтөт, жогорку билим жөнүндө дипломдордун жана илимий даража- лардын эл аралык дењгээлде эквиваленттүүлүгүнүн таанылышына көмөктөшөт. Мамлекет билим берүүнүн ар бир дењгээли үчүн билим берүү програм- малары аркылуу ишке ашырылуучу илимий-техникалык илимдердин милдеттүү минимумун белгилейт. Мамлекет илим жана техника жагындагы эњ жогорку жетишкендиктер үчүн мамлекеттик сыйлыктарды, өтө көрүнүктүү кыргыз окумуштууларынын атындагы сыйлыктарды, илимди, технологияны өнүктүрүүгө, аларды өндүрүшкө киргизүүгө олуттуу салым кошкон, илимий-техникалык кадларды даярдоодо артыкчылык көрсөткөн адамдар үчүн ардак наамдарды белгилейт. Мамлекеттик эмес жана коомдук илимий-техникалык бирикмелер өздөрүнүн уставдарына ылайык бул үчүн бюджеттик каражаттарды пайдалан- бастан атайын сыйлыктарды жана наамдарды белгилеши мүмкүн.
Берененин тексти 16.06.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/742/st-25" title="25-статья - Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>