# 20-статья. Илимий-техникалык чөйрөдө контракттарды пайдалануу

- Документ: [Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/742)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1485-XII "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1485-XII
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 июня 2017 года № 103 "О науке и об основах государственной научно-технической политики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111606)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-706/edition/806527/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/742/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу, 20-статья (16.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-20

---

Илимий кызматкерлер өз кызматтарын конкурстук же контракттык тар- типте ээлешет. Мамлекет контрактты (келишимди) илимий-техникалык чөйрөдөгү коом- дук мамилелерди натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кылуучу каражат катары тааныйт. Изилдөө жамааты же айрым изилдөөчү тарабынан айкын проблеманы бел- гилүү мөөнөттүн ичинде чечүүдө тиешелүү натыйжа алууну караган илим жа- на техника чөйрөсүндөгү изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар басымдуу түрдө контракттар боюнча уюштурулат. Мамлекеттин муктаждыктары үчүн илимий жетишкендиктер жана иштеп чыгуулар да контракттык негизде аткарылышы мүмкүн. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана мамлекеттер аралык макул- дашууларга жана келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасынын жана башка мамлекеттердин юридикалык жактары жана жеке адамдары контракттардын субъектилери болушу мүмкүн. Илимий-техникалык уюмдар чет өлкөлүк адистер менен кошо алганда кызматкерлерди жумушка контракт боюнча чакыра алышат жана эмгегин уюш- туруунун жана акы төлөөнүн шарттарын өз алдынча аныктай алышат.

---

Мурунку берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-19)  
Кийинки берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-21)
