# 18-статья. Илимий кызматкерлердин укуктук абалы

- Документ: [Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/742)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1485-XII "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1485-XII
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 июня 2017 года № 103 "О науке и об основах государственной научно-технической политики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111606)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-706/edition/806527/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/742/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу, 18-статья (16.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-18

---

Илимий кызматкер:

- өзүнүн илимий көз караштарын эркин билдирүүгө өзүнүн чыгармачы-

лыгынын эркиндигине кол салгандардан аны коргоого, интеллектуалдык мен- чигин коргоого, илимий-изилдөөлөрүнүн натыйжаларын көз карандысыз экс- пертизадан өткөрүүгө, мыйзамга карама-каршы келбеген түрдө ар кандай илим-изилдөө ишинин натыйжаларын ишке ашырууга;

- алдыњкы илим-изилдөө мекемелеринде үйрөнүүдөн өтүү, аспирантура-

да жана докторантурада окуу, илимий конференцияларга катышуу аркылуу илимий квалификациясын жогорулатууга;

- чет өлкөлүк кесиптештер менен илимий маалыматтарды алмашууга жа-

на биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүүгө, иштерин башка өлкөлөрдө жарыя- лоого, чет өлкөдөгү илимий уюмдарда үйрөнүүдөн өтүүгө жана иштөөгө;

- республикалык жана чет өлкөлүк илимий коомдорго кирүүгө жана

шайланууга;

- илим-изилдөө ишинин максаттарына жетишүү үчүн мыйзамдарда тыюу

салынбаган башка аракеттерди жасоого укуктуу. Илимий уюмдардын уставдарында илимий кызматкерлер үчүн башка укук- тар да аныкталышы мүмкүн. Илимий кызматкерлердин милдеттери илимий уюмдун Уставы же конт- ракттын (эмгек келишиминин) шарттары тарабынан регламенттелет. Илимий кызматкердин укуктарын бузууга же анын мыйзамдарда же кели- шимде каралган өз милдеттерин аткарбашына байланыштуу келип чыккан та- лаштар сот тарабынан каралат.

---

Мурунку берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-17)  
Кийинки берене: [19-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-19)
