# 17-статья. Илимий кызматкерлер жана алардын жамааттары -

- Документ: [Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/742)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 15-апрелиндеги № 1485-XII "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1485-XII
- Кабыл алынган күнү: 15.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.06.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 16 июня 2017 года № 103 "О науке и об основах государственной научно-технической политики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111606)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-706/edition/806527/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/742/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу, 17-статья (16.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-17

---

илимий-техникалык иштин негизги субъектилери

Илим изилдөө процессине, илимий жана илимий-техникалык продукция- ларды жана технологияларды түзүүгө жана жайылтууга түздөн-түз катышкан жеке адамдар жана юридикалык жактар илимий жана илимий-техникалык иштин субъектилери болуп саналат. Илимий жана илимий-техникалык кызматкер илимий жана илимий-техни- калык иштин негизги субъектиси болуп эсептелет. Жогорку билимдүү же жогорку билимге ылайык келген даярдыгы бар, кесиби боюнча табигый, техникалык же коомдук илимдер, теориялык же прикладдык изилдөөлөр жагында өз алдынча же илимий-техникалык иштин колдонулуп жаткан уюштуруу түрлөрүндө (илим-изилдөө, иликтөө же башка илимий иш) иштеп жаткан адам илимий жана илимий-техникалык кызматкер болуп эсептелет. Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлерди бириктирип турган илимий-техникалык жамаат илимий жана илимий-техникалык чөйрөдөгү негиз- ги уюштуруучу звено болуп саналат. Илимий-техникалык жамааттардын ту- руктуу бирикмелери илимий уюмдарды түзүшөт. Инновациялык ишканалар жана уюмдар илимий-техникалык иштеп чыгуу- ларды өндүрүшкө жайылтуу боюнча уюштуруу структурасы болуп саналат.

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/742/st-18)
