# КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 7-мартындагы № 243-IV "2008-жылдын 7-мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 7-мартындагы № 243-IV "2008-жылдын 7-мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 243-IV
- Кабыл алынган күнү: 07.03.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 07.03.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74198>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-6416/edition/513388/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74198.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 07.03.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 7-мартындагы № 243-IV "2008-жылдын 7-мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (07.03.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74198

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 7-марты № 243-IV 2008-жылдын 7-мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ: 2008-жылдын 7-мартына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын төмөнкү күн тартиби бекитилсин: "Депутат А.К.Иманалиеваны Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Коргоо, коопсуздук, укук тартиби жана сот-укук реформасы боюнча комитетинин курамына киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралу; "Банктар жана банк иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Банктык сыр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыймылсыз мүлккө укуктарды жана алар менен жасалган бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Кыргыз Республикасында камсыздандырууну уюштуруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө; "Банк салымдарын (депозиттерин) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "2008-жылга айыл чарбасына жарактуу жерлерди, короо алдындагы жана дачалык жер участокторун, калктуу конуштардын жерлерин жана айыл чарбасына арналбаган жерлерди пайдалангандык үчүн жер салыгынын базалык ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Гарнизондук жана кароол кызмат уставына жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызмат уставына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу; "Аскер кызматчыларынын материалдык жоопкерчилиги жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралу.

Төрага

А.Мадумаров
