# КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 14-февралындагы № 173-IV "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 14-февралындагы № 173-IV "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 173-IV
- Кабыл алынган күнү: 14.02.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 19.05.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74122>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-6342/edition/542623/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74122.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 14-февралындагы № 173-IV "Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому (19.05.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74122

---

КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 11-февралындагы № 169-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 14-февралы № 173-IV Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин ортосундагы интеграцияны андан ары тереңдетүүнүн зарылдыгын таанып, КМШнын алкагында активдүү парламенттер аралык кызматташтыкка умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкү депутаттардын курамында түзүлсүн:

А.К.Мадумаров - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы

Р.А.Абдыраимова; Ж.Каниметов; Ш.Садыбакасова

А.А.Арабаев; И.Ю.Карамушкина; А.М.Салымбеков

Н.И.Байло; А.А.Кенжебаева; Л.Ч.Сыдыкова

А.О.Бурканов; А.С.Кулбаев; Р.Б.Тагаев

Ю.А.Данилов; Г.А.Куликова; Э.Б.Төрөбаев

М.К.Жураев; З.К.Курманов; Р.Шин

Р.М.Ирсалиев; И.В.Летова; А.Л.Юсуров.

К.С.Исабеков; О.П.Назаров;

2. КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынын туруктуу комиссияларына төмөнкүлөр жиберилсин:

А.А.Арабаев, Р.М.Ирсалиев, И.В.Летова - укук маселелери боюнча туруктуу комиссияга;

А.С.Кулбаев, Р.Шин - экономика жана каржы боюнча туруктуу комиссияга;

А.О.Бурканов, К.С.Исабеков, Н.И.Байло - социалдык саясат жана адам укуктары боюнча туруктуу комиссияга;

Ю.А.Данилов, А.А.Кенжебаева, М.К.Жураев - агрардык саясат, жаратылыш ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссияга;

Р.Б.Тагаев, Л.Ч.Сыдыкова - коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча туруктуу комиссияга;

Ж.Каниметов, И.Ю.Карамушкина - илим жана билим берүү боюнча туруктуу комиссияга;

Г.А.Куликова, О.П.Назаров - маданият, маалымат, туризм жана спорт боюнча туруктуу комиссияга;

З.К.Курманов, А.Л.Юсуров - саясий маселелер жана эл аралык кызматташтык боюнча туруктуу комиссияга;

Ш.Садыбакасова, Б.Э.Төрөбаев - көзөмөлдүк-бюджеттик комиссияга;

А.М.Салымбеков, Р.А.Абдраимова - мамлекеттик курулуш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу тажрыйбасын иликтөө боюнча туруктуу комиссияга.

3. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.

4. 2005-жылдын 27-апрелиндеги № 207-III "КМШга катышкан мамлекеттердин Парламенттер аралык Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Төрага

А.Мадумаров
