# КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 12-февралындагы № 3816-V "Айрым мамлекеттештирилген объектилерди менчиктештирүүнү токтото туруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 12-февралындагы № 3816-V "Айрым мамлекеттештирилген объектилерди менчиктештирүүнү токтото туруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3816-V
- Кабыл алынган күнү: 12.02.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-6333/edition/705878/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 12-февралындагы № 3816-V "Айрым мамлекеттештирилген объектилерди менчиктештирүүнү токтото туруу жөнүндө" токтому (25.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74113

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 12-февралы № 3816-V Айрым мамлекеттештирилген объектилерди менчиктештирүүнү токтото туруу жөнүндө (КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтомунун редакциясына ылайык) Айрым мамлекеттештирилген объектилерди алдыда болуучу менчиктештирүү маселеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым депутаттарынын кайрылууларына жана калктын, өзгөчө Ысык-Көл областынын калкынын арасында бир жактуу реакцияга, алардын атынан айылдык кеңештердин 14 өкүлү Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жана Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине кат менен кайрылгандыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө "Каприз" ЖЧК уставдык капиталындагы үлүштүн 28,34 пайызын жана "СК Ресурс" ЖЧК уставдык капиталындагы үлүштүн 70 пайызын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тийиштүү чечим кабыл алганга чейин менчиктештирүүнү токтото туруу сунуш кылынсын.

(КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5408-V токтомунун редакциясына ылайык)

2. Мамлекеттештирилген объектилерди менчиктештирүү, натыйжалуу башкаруу, аларды тескөө, ушул объектилер боюнча Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү кабыл алган декреттердин негиздүүлүгү маселелерин, ошондой эле 2005, 2010-жылдардагы окуялардан кийин Кыргыз Республикасынын мурдагы президенттеринин үй-бүлөлөрүнө жапа алардын ымалалаш айлана-чөйрөсүнө таандык объектилер тууралуу маселелерди текшерүү боюнча Жогорку Кеңештин Экономикалык жапа фискалдык саясат боюнча комитети тарабынан жумушчу жана эксперттик топтордун түзүлгөндүгү эске алынсын.

3. Текшерүүнүн жыйынтыктары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетине (К.С.Самаков) жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

Т. Зулпукаров
