# КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 14-февралындагы № 170-IV ""Европа Бирлиги-Кыргызстан" парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 14-февралындагы № 170-IV ""Европа Бирлиги-Кыргызстан" парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 170-IV
- Кабыл алынган күнү: 14.02.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.02.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74108>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-6328/edition/509919/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74108.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.02.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 14-февралындагы № 170-IV ""Европа Бирлиги-Кыргызстан" парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому (14.02.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74108

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 14-февралы № 170-IV "Европа Бирлиги-Кыргызстан" парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин ортосундагы Өнөктүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашуунун алкагында Европа Бирлигине катышкан өлкөлөр менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташтыкты андан ары тереңдетүүнүн зарылдыгын таанып, парламенттик деңгээлде Европа Бирлигине катышкан өлкөлөр менен активдүү саясий диалогго умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Европа Бирлиги-Кыргызстан" парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкү депутаттардын курамында түзүлсүн:

А.К.Мадумаров - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегация башчысы, Комитеттин теңтөрагасы;

Ч.Т.Баекова - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары;

Б.М.Наргозуев;

С.М.Ибрагимов;

Д.С.Исаева;

М.Н.Исанова;

Х.З.Коркмазов;

Ж.К.Кудайбергенов;

У.З.Ормонов;

Р.И.Отунбаева;

А.Т.Сулайманов;

П.Р.Тулендыбаев.

2. Парламенттик делегация "Европа Бирлиги-Кыргызстан" парламенттик кызматташтык комитетинин жасаган иши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.

3. 2005-жылдын 27-апрелиндеги № 212-III "Европа Союзу-Кыргызстан" парламенттик кызматташтык комитетине Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Төрага

А.Мадумаров
