# КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 14-февралы № 169-IV "Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 14-февралы № 169-IV "Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 169-IV
- Кабыл алынган күнү: 14.02.2008
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.02.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74107>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-6327/edition/509828/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74107.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.02.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 14-февралы № 169-IV "Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө" токтому (14.02.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74107

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 14-февралы № 169-IV Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясын түзүү жөнүндө Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмга катышкан өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты андан ары терендетүүнүн зарылдыгын таанып, ЕККУнун алкагында парламенттер аралык байланыштарды активдештирүүгө умтулуп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык боюнча уюмдун Парламенттик Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын парламенттик делегациясы төмөнкү депутаттардын курамында түзүлсүн:

Э.С.Ибраимова

И.А.Масалиев

Б.Дж.Бешимов

А.Б.Байбураева

2. Депутат Э.С.Ибраимова парламенттик делегациянын башчысы болуп шайлансын.

3. Парламенттик делегация жасалган иш жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине үзгүлтүксүз маалымдап турсун.

4. 2005-жылдын 27-апрелиндеги № 209-III "Коопсуздук жана кызматташуу боюнча Европадагы уюмдун Парламенттер Ассамблеясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Парламенттик делегациясынын курамын түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому күчүн жоготту деп табылсын.

Төрага

А. Мадумаров
