# 25-статья. Чет өлкөлүк мекемелерден, фирмалардан жана алардын өкүлдөрүнөн белек катары граждандардын ээлигине түшкөн буюмдарды сатуудан алынган кирешелер

- Документ: [Бейсалык төлөмдөр](https://aqlex.ai/kg/doc/741)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 14-апрелиндеги № 1480 "Бейсалык төлөмдөр"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1480-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.04.1994
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 августа 2018 года № 89 "О введении в действие Кодекса Кыргызской Республики о неналоговых доходах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111819)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 октября 2009 года № 275 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О неналоговых платежах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202661)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.10.2009 [Закон КР от 15 октября 2009 года № 275 "О внесении изменений и дополнения в Закон Кыргызской Республики "О неналоговых платежах"](https://aqlex.ai/kg/doc/202661); 27.01.2006 [Закон КР от 27 января 2006 года № 28 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О неналоговых платежах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1816)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/741#diff=893414..893415>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/741/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-705/edition/893409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/741/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.04.1994 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бейсалык төлөмдөр, 25-статья (14.04.1994 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/741/st-25

---

Өздөрү кызматтык милдеттерин аткарууда ишкердик карым-катнаштарды жүзөгө ашыруучу же илим, маданият, искусство, спорт жана д.у.с. жагынан кандайдыр бир башка кесиптик милдеттерди аткаруучу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын ээлигине чет өлкөлүк (эл аралык) уюмдардын, мекемелердин, фирмалардын жана алардын өкүлдөрүнүн белектери катары түшкөн кымбат баалуу буюмдарын сатуудан алынган сумма мамлекеттин кирешесине айландырылууга тийиш. Мамлекеттин кирешесине айландырылууга тийиш болгон кымбат баалуу белектерге наркы мыйзамда белгиленген элүү эсептешүү көрсөткүчүнүн өлчөмдөрүнөн жогору болгон буюмдар таандык. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын кызмат адамдарынын ээлигине белек катары берилген кымбат баалуу металлдардан жана асыл таштардан жасалган, ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн буюмдар Кыргыз Республикасынын Кымбат баалуу металлдар жана асыл таштар мамлекеттик фондуна өткөрүлүп берилүүгө тийиш. Белектерди сатуудан түшкөн каражаттар Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин кирешесине чегерилет. Кымбат баалуу белектерди мамлекеттин кирешесине өткөрүп берүүдө же кечиктирүүдө күнөөлүү адамдар колдонулуп жаткан мыйзамдарга ылайык жооп тартышат. (Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-январындагы № 28, 2009-жылдын 15-октябрындагы № 275 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/741/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/741/st-26)
