# 2-статья

- Документ: [Бейсалык төлөмдөр](https://aqlex.ai/kg/doc/741)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 14-апрелиндеги № 1480 "Бейсалык төлөмдөр"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1480-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.04.1994
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 августа 2018 года № 89 "О введении в действие Кодекса Кыргызской Республики о неналоговых доходах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111819)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июня 2012 года № 89 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О неналоговых платежах"](https://aqlex.ai/kg/doc/203689)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/741#diff=893420..893421>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/741/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-705/edition/893409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/741/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.04.1994 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бейсалык төлөмдөр, 2-статья (14.04.1994 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/741/st-2

---

Жыйым, төлөм, чегерүү, киреше жана санкция түрүндө бюджетке келип түшүүчү салыктык эмес төлөмдөр Мыйзам тарабынан аныкталат. Жыйым - бул мамлекеттик органдар көрсөткөн кызмат үчүн мамлекет тарабынан белгиленгенге милдеттүү, бир жолку мүнөздөгү акчалай салым. Жыйымдын өлчөмү көрсөтүлгөн кызматтын наркына ылайык келет. Төлөм - бул мамлекеттик милдеттерди аткаргандыгы үчүн мамлекеттик органдардын көрсөткөн кызматынан пайдалануучу юридикалык жактар жана кишилер мезгил-мезгили менен төлөй турган акчалай салым. Киреше - Мыйзам боюнча менчик ээси мамлекет болуп саналган мүлктүн толук наркы өлчөмүндө же акчалай каражат түрүндө киргизиле турган же өндүрүлө турган мамлекет тарабынан белгиленген чегерүүлөр. Санкциялар - бул тартип бузуучуларга карата колдонула турган мүлктүк жактан таасир көрсөтүүнүн Мыйзамда каралган чаралары. Чегерүү - жергиликтүү маанидеги инфратүзүмдөрдү өнүктүрүүгө жана күтүүгө жер казынасын пайдалануучу тарабынан милдеттүү түрдө берилүүчү төлөмдүн мамлекет белгилеген түрү. (КР 2012-жылдын 20-июнундагы № 89 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/741/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/741/st-3)
