# 19-статья. Мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү ижарага берүүдөн алынчу ижаралык акы

- Документ: [Бейсалык төлөмдөр](https://aqlex.ai/kg/doc/741)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 14-апрелиндеги № 1480 "Бейсалык төлөмдөр"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1480-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.04.1994
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 августа 2018 года № 89 "О введении в действие Кодекса Кыргызской Республики о неналоговых доходах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111819)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/741/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-705/edition/893409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/741/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.04.1994 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бейсалык төлөмдөр, 19-статья (14.04.1994 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/741/st-19

---

Мамлекеттик же муниципалдык менчик болуп саналган мүлктү ижарага берүүдөн ижаралык акы бул мүлктү пайдалангандык үчүн ижарага алгандар тарабынан ижара жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык түзүлгөн келишимде каралган тартипте жана шартта төлөнөт. Мамлекеттик менчикке таандык мүлктү ижарага берүүдөн алынган кирешелер төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

- 30 пайызы республикалык бюджетке чегерилет;

- 70 пайызы мамлекеттик органдар жана уюмдар тарабынан мамлекеттик имараттарды (жайларды) күтүүгө жана оңдоого пайдаланылат.

Административдик-аймактык түзүлүштөрдүн муниципалдык менчигине таандык мүлктү ижарага алганда ижаралык акы тийиштүү бюджеттерге чегерилет. (КР 2009-жылдын 27-июлундагы № 253, 2009-жылдын 22-октябрындагы № 284, 2016-жылдын 29-июнундагы № 92 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Көңүл буруңуздар! Мамлекеттик маданият мекемелерине карата 19-берененин 2-бөлүгү КР 2016-жылдын 29-июнундагы № 92 Мыйзамынын 4-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык 2018-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/741/st-18)  
Кийинки берене: [191-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/741/st-191)
