# 16-статья. Кара жана түстүү металлдардын сыныгы жана таштандылары үчүн бюджетке төлөмдөр

- Документ: [Бейсалык төлөмдөр](https://aqlex.ai/kg/doc/741)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 14-апрелиндеги № 1480 "Бейсалык төлөмдөр"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1480-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.04.1994
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 августа 2018 года № 89 "О введении в действие Кодекса Кыргызской Республики о неналоговых доходах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111819)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/741/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-705/edition/893409/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/741/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.04.1994 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бейсалык төлөмдөр, 16-статья (14.04.1994 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/741/st-16

---

Кара жана түстүү металлдардын сыныгынын жана таштандыларынын наркынын суммасын бюджеттин кирешесине төлөөчүлөр өздөрү тапшыра турган металл сыныктарын даярдоону, ылгоону жана жөнөтүүнү жүзөгө ашыруучу юридикалык жактар болуп саналат. Бюджет менен эсептешүүлөр төмөндөгүлөр үчүн жүргүзүлөт:

- адистештирилген уюмдардын күчтөрү менен чогултулган түстүү металлдардын ээсиз сыныктары жана таштандылары, ошондой эле даярдоо уюмдары керек-жарак кооперациясына тапшырган ээсиз сыныктар үчүн;

- мамлекеттик бюджетте турган мекемелерден жана уюмдардан (анын ичинде Кыргыз Республика коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин аскердик бөлүктөрүнөн) ылгоо үчүн базаларга (аянттарга) жана цехтерге жеткирилген кара жана түстүү металлдардын сыныктары жана таштандылары, конфискацияланган, ээсиз мүлктүн жана мурастоо укугу боюнча мамлекетке өткөн мүлктүн жана кенчтин составында салык органдары тапшырган кенчтер үчүн. Тийиштүү сумманы бюджетке которуу ай сайын жүргүзүлөт.

Кара жана түстүү металлдардын сыныктарынын жана таштандыларынын наркынын суммасы металл сыныктарын тапшырган мекемелер, уюмдар кимге баш ийгендигине жараша бюджеттердин кирешелерине чегерүүлөргө тийиш.

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/741/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/741/st-17)
