# 12-7-статья. Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган жүк ташуучу транспорт каражаттары жана автобустар жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен жүрүшү үчүн жыйым

- Документ: [Бейсалык төлөмдөр](https://aqlex.ai/kg/doc/741)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 14-апрелиндеги № 1480 "Бейсалык төлөмдөр"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1480-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.04.1994
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 августа 2018 года № 89 "О введении в действие Кодекса Кыргызской Республики о неналоговых доходах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111819)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/741/st-12-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-705/edition/893409/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.04.1994 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бейсалык төлөмдөр, 12-7-статья (14.04.1994 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/741/st-12-7

---

Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган жүк ташуучу транспорт каражаттары жана автобустар жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен жүрүшү үчүн жыйым алынат. Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган жүк ташуучу транспорт каражаттары жана автобустар жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен жүрүшү үчүн алынуучу жыйымдын өлчөмү, жүрүү үчүн жыйым алынган транспорт каражаттарынын категориялары, эсептешүү усулу, жыйынды эсептөөнүн жана алуунун тартиби, жыйымды алууга контролдоону жүзөгө ашыруу тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Кыргыз Республикасында жана чет мамлекеттерде катталган төмөнкүдөй жүк ташуучу транспорт каражаттары жана автобустар жалпы пайдаланылуучу автомобиль жолдору менен жүрүшү үчүн жыйым алуудан бошотулат:

- табигый кырсыктардын жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга арналган, анын ичинде өзгөчө кырдаалдардын натыйжасында жабыркаган жактарга акысыз таратууга, же болбосо ушул эле максатта коммерциялык эмес кайрымдуулук уюмдарына берүүгө арналган товарларды ташыган;

- чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык уюмдарга жана алардын филиалдарына/өкүлчүлүктөрүнө таандык болгон.

Кыргыз Республикасында катталган, коргоо жөндөмдүүлүгүн жана укук тартибин камсыз кылуу максатында пайдаланылуучу жүк ташуучу транспорт каражаттары, автобустар, өрттөн коргоо кызматынын ишин, медициналык тез жардамды жүзөгө ашыруу үчүн атайын багыттагы, ошондой эле жол жана жол инфратүзүмүн колдонуу жана техникалык тейлөө үчүн пайдаланылуучу транспорт каражаттары жолдо жүрүү үчүн жыйымды төлөөдөн бошотулат. Ушул статьянын 3- жана 4-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн транспорт каражаттарынын жол жүрүшү үчүн жыйым төлөөдөн бошотуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2015-жылдын 3-августундагы № 211 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/741/st-12-6)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/741/st-13)
