# 12-2-статья. Автотранспортту парковкалоо жана токтотуу үчүн жыйым

- Документ: [Бейсалык төлөмдөр](https://aqlex.ai/kg/doc/741)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1994-жылдын 14-апрелиндеги № 1480 "Бейсалык төлөмдөр"мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 1480-XII
- Кабыл алынган күнү: 14.04.1994
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.04.1994
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 10 августа 2018 года № 89 "О введении в действие Кодекса Кыргызской Республики о неналоговых доходах"](https://aqlex.ai/kg/doc/111819)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/741/st-12-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-705/edition/893409/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.04.1994 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Бейсалык төлөмдөр, 12-2-статья (14.04.1994 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/741/st-12-2

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдары ушул максатта бөлүп берген же атайын жабдылган жерлерде автомашиналарга парковкалоо жана токтотуучу жай берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жүзөгө ашыруучу юридикалык жана жеке жактар жыйымдарды төлөөчүлөр болуп саналат.

2. Автотранспорт каражатын парковкалоо жана токтотуу үчүн жыйымдардын өлчөмү, аны тескөө жана төлөө тартиби парковканын же токтотуучу жайдын ордун, суткадагы убактысын жана узактыгын, транспорттун түрүн эске алуу менен аткаруучу органдын сунушу боюнча тиешелүү жергиликтүү кеңеш тарабынан белгиленет.

(КР 2008-жылдын 17-октябрындагы № 231, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144, 2015-жылдын 20-июлундагы № 181 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/741/st-12-1)  
Кийинки берене: [12-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/741/st-12-3)
