# КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 5-февралындагы № 3802-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2266-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 5-февралындагы № 3802-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2266-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: №3802-V
- Кабыл алынган күнү: 05.02.2014
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74070>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-6291/edition/521279/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74070.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 5-февралындагы № 3802-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2266-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (03.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74070

---

КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 3-апрелиндеги № 3935-V токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 5-февралы № 3802-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2266-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 87-беренесинин 5-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын аталган ченемине каршы келбеген бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 124-беренесинин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацын жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 3-беренесинин 3-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын айыл чарба жана мелиорация министринин кызмат ордуна Таалайбек Алимбекович Айдаралиевдин талапкерлиги жактырылсын.

2. 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2266-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курамы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

он үчүнчү абзацтын 1-пунктундагы "Чынгызбек Макишевич Узакбаевдин" деген сөздөр "Таалайбек Алимбекович Айдаралиевдин" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

Төрага

А. Жээнбеков
