Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 8-февралы № 134-IV "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "2008-жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
2008-жылга республиканын бюджетинин киреше бөлүгүнөн табылган каражаттар менен тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун чыгымдарын каржылоо N 1 тиркемеге ылайык толуктасын; төмөнкү чараларды көрсүн:
- "Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун талкуулоодо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары тарабынан айтылган сунуштарды N 2 тиркемеге ылайык аткаруу боюнча;
- бири-бирин кайталаган мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарын кыскартуу жолу менен бюджеттик каражаттарды натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу боюнча;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна төмөнкү мыйзам долбоорлорун киргизсин:
- Кыргыз Республикасына юридикалык жана жеке жактар тарабынан алып келинүүчү сигареттерге аларды импорттоодон республиканын бюджетине түшүүлөрдүн көлөмүн көбөйтүү максатында сигареттерге акциз салыгынын ставкаларын өзгөртүү жөнүндө;
- калк үчүн жеңилдетилген шарттарды карап, мамлекеттик турак-жай курулушун ипотекалык кредиттөө жана кеңейтүү жөнүндө;
- республиканын айыл чарба өндүрүүчүлөрүн милдеттүү камсыздандыруу боюнча;
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин жана депутаттарынын сунуштарын эске алуу менен алардын артыкчылыктарын карап чыгып, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин - 54,0 млн. сом суммадагы турак үйүн курууга каражаттарды бөлүп берип, 2008-жылга республиканын капиталдык курулуш объекттеринин тизмегин аныктоону тездетсин; Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен бирге үч жылдык мезгилге өлкөнүн каржы тутумун өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын даярдасын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине маалымдасын; 2009-жылдан тартып үч жылдык мезгилге мамлекеттик бюджетти божомолдоо үчүн республиканын экономикасынын өнүгүшүнүн стратегиялык программаларын иштеп чыксын; төмөнкүлөргө каражаттарды тапсын:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги үчүн жол куруучу машиналарды сатып алууга - 250,0 млн. сом;
- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги үчүн өрт өчүрүүчү машиналарды сатып алууга - 250,0 млн. сом;
- Нарын-Торугарт автомобиль жолун калыбына келтирүүгө;
- шахтердук чакан шаарларда көмүр өнөр жайын өнүктүрүү үчүн - 50,0 млн. сом бюджеттик ссудаларды бөлүп берүүгө;
өлкөнүн бюджетине оордук келтирүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын алдында негизсиз түзүлгөн ички карыздарын кайра түзүмдөштүрүү маселесин кайра карасын; республиканын бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө оор зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмегин аныктоочу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-февралындагы № 55 токтомун аткарууну камсыз кылсын; төмөнкү маселелерди чечсин:
- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Авиация департаментин өзүн-өзү каржылоого которуу жөнүндө;
- бул чыгымдардын ордун республикалык бюджеттен толтурууну карап, 70 жашка чыккан пенсионерлерди стационардык дарылоону жүзөгө ашыруу үчүн чогуу төлөөлөрдү жокко чыгаруу жөнүндө;
- Аламүдүн районундагы "Достук" (мурдагы Куйбышев атындагы совхоз) айыл чарба өндүрүштүк кооперативинен Бишкек шаарынын жашоочуларына жеке турак-жай курулушу үчүн жерлерди алып коюуга байланышкан айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу жөнүндө.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Экономика, бюджет жана финансы боюнча комитетине (А.А.Шадиев) жүктөлсүн.
Төрага
А.Мадумаров
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын 2008-жылга республикалык бюджети жөнүндөЗакон · 17.03.2008 · № 23
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-февралындагы № 55 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмесин жана Кыргыз…Постановление · 13.02.2007 · № 55 · Күчүн жоготкон