# 9-1-статья. Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишти инспекциялоо

- Документ: [Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/74)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 22-майындагы № 66 "Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 22.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 69 "О наркотических средствах, психотропных веществах, их аналогах и прекурсорах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-9-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-63/edition/937375/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө, 9-1-статья (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-9-1

---

Жеке жана юридикалык жактардын, медициналык, илимий жана башка мекемелердин иштерин Кыргыз Республикасынын баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндө мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын камсыздоо жагында инспекциялоо баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана саламаттыкты сактоо органдары тарабынан жүргүзүлөт. Баңги кылуучу каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзүү үчүн пайдаланылчу объекттерди, жайларды, ошондой эле кампадагы запастарды жана каттоо жазууларын пландуу инспекциялоо баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен саламаттыкты сактоонун ыйгарым укуктуу кызматынын макулдашуусу боюнча жылына бир жолу жүргүзүлөт. Зарыл учурда жана ушул Мыйзамды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузгандык фактысы жөнүндө маалымат болгондо пландан тышкаркы инспекциялоо жүргүзүлүшү мүмкүн. Жеке жана юридикалык жактар, мекемелер жана уюмдар иликтөө жүргүзүү тапшырылган кызматтардын инспекторлоруна жана кызматкерлерине функцияларын аткарышы үчүн бардык каражаттар менен мүмкүндүктөрдү берүүгө, атап айтканда, өздөрүнүн объекттерине жана жайларына кирүүгө жана адистик ишкердигине тиешелүү бардык документтер менен таанышууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. (КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-9)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-10)
