9-1-статья. Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндөгү ишти инспекциялоо
Күчүн жоготкон · 06.03.2024 редакциясы · II бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 69.
Жеке жана юридикалык жактардын, медициналык, илимий жана башка мекемелердин иштерин Кыргыз Республикасынын баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндө мыйзамдарынын талаптарынын аткарылышын камсыздоо жагында инспекциялоо баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана саламаттыкты сактоо органдары тарабынан жүргүзүлөт. Баңги кылуучу каражаттарды жүгүртүү чөйрөсүндө иш жүргүзүү үчүн пайдаланылчу объекттерди, жайларды, ошондой эле кампадагы запастарды жана каттоо жазууларын пландуу инспекциялоо баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен саламаттыкты сактоонун ыйгарым укуктуу кызматынын макулдашуусу боюнча жылына бир жолу жүргүзүлөт. Зарыл учурда жана ушул Мыйзамды жана башка ченемдик укуктук актыларды бузгандык фактысы жөнүндө маалымат болгондо пландан тышкаркы инспекциялоо жүргүзүлүшү мүмкүн. Жеке жана юридикалык жактар, мекемелер жана уюмдар иликтөө жүргүзүү тапшырылган кызматтардын инспекторлоруна жана кызматкерлерине функцияларын аткарышы үчүн бардык каражаттар менен мүмкүндүктөрдү берүүгө, атап айтканда, өздөрүнүн объекттерине жана жайларына кирүүгө жана адистик ишкердигине тиешелүү бардык документтер менен таанышууга көмөк көрсөтүүгө милдеттүү. (КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 06.03.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/74/st-9-1" title="9-1-статья - Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>