# 8-статья. Инвентаризация, баланстар жана каттоо боюнча жазуулар

- Документ: [Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/74)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 22-майындагы № 66 "Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 22.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 69 "О наркотических средствах, психотропных веществах, их аналогах и прекурсорах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 марта 2010 года № 40 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О наркотических средствах, психотропных веществах и прекурсорах""](https://aqlex.ai/kg/doc/202927)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.03.2010 [Закон КР от 2 марта 2010 года № 40 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О наркотических средствах, психотропных веществах и прекурсорах""](https://aqlex.ai/kg/doc/202927); 04.07.2005 [Закон КР от 4 июля 2005 года №90 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О наркотических средствах, психотропных веществах и прекурсорах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1688)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/74#diff=937376..937377>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-63/edition/937375/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө, 8-статья (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-8

---

Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүү чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашырган юридикалык жана жеке жактар өздөрүнүн карамагында болгон баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду квартал сайын санактан өткөрүүнү жүргүзүүгө милдеттүү. Баланстагы ылайык келбөөчүлүктөр же баланстын натыйжаларынын жана өткөрүлгөн санактын туура келбеши жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укук берилген органдарга маалымдалат. Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүүгө байланышкан ишти жүргүзүүдө, натыйжада алардын санын жана абалын өзгөрүүгө дуушар кылуучу ар кандай операциялар атайы журналдарда юридикалык жактын жетекчисинин буйругу менен атайын журналга каттоо милдети жүктөлгөн адам тарабынан катталууга тийиш. Көрсөтүлгөн журналдарды жүргүзүү жана сактоо тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. (КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 90, 2010-жылдын 2-мартындагы № 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-9)
