# 6-статья. Баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясы

- Документ: [Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/74)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 22-майындагы № 66 "Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 22.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 69 "О наркотических средствах, психотропных веществах, их аналогах и прекурсорах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2013 года № 156 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203965)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.07.2013 [Закон КР от 24 июля 2013 года № 156 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203965); 04.07.2005 [Закон КР от 4 июля 2005 года №90 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О наркотических средствах, психотропных веществах и прекурсорах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1688)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/74#diff=937377..937378>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-63/edition/937375/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө, 6-статья (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-6

---

Баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:

- баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү, ошондой эле аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюуда мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

- баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүүгө, аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюуга тиешелүү маселелер боюнча аткаруу бийлик органдарынын өз ара иштешүүсүн камсыз кылуу;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен баңги кылуучу каражаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тергөөсүнө таандык кылынган кылмыштарды табуу, алдын алуу, болтурбоо, ачуу жана тергөө;

- эл аралык келишимдерге ылайык баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу жагында эл аралык уюмдар жана чет мамлекеттердин компетенттүү органдары менен Кыргыз Республикасынын биргелешип аракеттенүүгө жана маалыматтарды алмашууга катышуусу, ошондой эле баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө бөгөт коюу маселеси боюнча эл аралык уюмдарда Кыргыз Республикасынын таламдарын көздөө;

- баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду жүгүртүүгө контролдук кылуу жана аларды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу жагында эл аралык келишимдерди белгиленген тартипте түзүү;

- баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду өндүрүүгө, жасоого, кайра иштетүүгө, сактоого, пайдаланууга, сатууга (экспортту жана импортту кошуп алганда берүүгө, сатууга), бөлүштүрүүгө, ташып келүүгө, ташып чыгарууга жана транзитке лицензияларды берүү.

(КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 90 , 2013-жылдын 24-июлундагы № 156 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-7)
