# 5-статья. Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүнө мамлекеттик контролдук

- Документ: [Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/74)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 22-майындагы № 66 "Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 22.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 69 "О наркотических средствах, психотропных веществах, их аналогах и прекурсорах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884); 04.07.2005 [Закон КР от 4 июля 2005 года №90 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О наркотических средствах, психотропных веществах и прекурсорах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1688)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/74#diff=937379..937380>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-63/edition/937375/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө, 5-статья (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-5

---

Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду өндүрүүгө, даярдоого, өстүрүүгө, кайра иштетүүгө, сактоого, ташууга, салып жиберүүгө, берүүгө, өткөрүүгө, алууга, пайдаланууга, соодалоого, бөлүштүрүүгө, алып келүүгө, алып кетүүгө жана жок кылууга мамлекеттик контролдук баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы, ыйгарым укуктуу малекеттик саламаттыкты сактоо органы, ыйгарым укуктуу мамлекеттик ички иштер органы, ыйгарым укуктуу мамлекеттик улуттук коопсуздук органы, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын органы, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан алардын милдеттерине жана укуктарына ылайык жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү баңги кылуучу каражаттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын сунуштоосу боюнча баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун Улуттук тизмелерин бекитет, жаңыртат жана жарыялайт, ошондой эле мыйзамсыз жүгүртүлүшү администрациялык же жазык жоопкерчилигине алып келүүчү баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун критерийлерин жана өлчөмдөрүн бекитет. (КР 2005-жылдын 4-июлундагы N 90, 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-6)
