# 42-статья. Баңгиликтен мажбурлап дарылоо мөөнөтүн узартуу

- Документ: [Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/74)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 22-майындагы № 66 "Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 22.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 69 "О наркотических средствах, психотропных веществах, их аналогах и прекурсорах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-42>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-63/edition/937375/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74/st-42.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө, 42-статья (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-42

---

Адистештирилген дарылоо мекемесиндеги адам баңгиликтен дарылануу режимин жана курсун системалуу түрдө бузуп, анын кесепетинен таасир көрсөтүүчү дарылоо чаралары оң натыйжа бербеген учурда, дарылоо мекемесинин администрациясынын прокурор менен макулдашылган сунушу боюнча жана медициналык корутундунун негизинде дарылоо мекемеси жайгашкан жердеги райондук (шаардык) сот бул адамдын дарылоо мекемесинде болуу мөөнөтүн узартып кое алат. Мында мажбурлап дарылоонун жалпы мөөнөтү он эки айдан ашпоого тийиш. Көрсөтүлгөн сунуш сотко түшкөн учурдан тартып он күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен дарылоо мекемесинде болуу мөөнөтүн узартуу жөнүндө ага карата өтүнүч козголуп жаткан адамдын жана анын каалоосу боюнча адвокаттын катышуусунда сот тарабынан каралат. Адистештирилген дарылоо мекемесинде мажбурлап дарылоо мөөнөтүн узартуу жөнүндө же узартуудан баш тартуу жөнүндө соттун токтомуна кассациялык даттануу берилиши же прокурор тарабынан жалпы тартипте кассациялык сунуш киргизилиши мүмкүн. Адистештирилген дарылоо мекемесинен, ошого тете мындай мекемеге бара жаткан жолдон качкан адам колдонуудагы мыйзамдарга ылайык жоопко тартылат.

---

Мурунку берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-41)  
Кийинки берене: [43-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-43)
