# 41-статья. Баңгиликтен мажбурлап дарылоого жөнөтүү жөнүндө материалдарды сотто кароо

- Документ: [Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/74)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 22-майындагы № 66 "Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 22.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 69 "О наркотических средствах, психотропных веществах, их аналогах и прекурсорах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-63/edition/937375/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө, 41-статья (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-41

---

Баңгилерди мажбурлап дарылоого жөнөтүү жөнүндөгү материалдар ал жашаган жердеги же мындай материалдарды берген орган жайгашкан жердеги райондук (шаардык) сот тарабынан каралат. Баңгиликтен мажбурлап дарылоого жөнөтүү жөнүндөгү материалдарды судья мындай материалдар түшкөн учурдан тартып жыйырма күндүк мөөнөттөн кечиктирбестен ачык сот заседаниесинде ага карата мындай өтүнүч козголуп жаткан адамдын, анын мыйзамдуу өкүлүнүн, ал эми алардын каалоосу боюнча - жактоочунун катышуусунда жекече карайт. Материалдардын кароочу убактысы жөнүндө судья прокурорго билдирет, прокурордун келбей калышы материалды кароого тоскоолдук кыла албайт. Сот заседаниесинде баңгиликтен мажбурлап дарылоого жөнөтүү зарылчылыгы жөнүндө медициналык корутундунун негиздүүлүгү жана адамга карата мындай дарылоону колдонуу зарылчылыгын далилдеген же төгүндөгөн башка иш жүзүндөгү маалыматтар текшерилет. Зарыл учурларда баңгини медициналык текшерүүдөн өткөргөн жана аны мажбурлап дарылоого жөнөтүү зарылчылыгы жөнүндө медициналык корутунду түзгөн медициналык комиссиянын мүчөлөрү (мүчөсү), ошондой эле мындай өтүнүчтү козгогон адам сотко чакырылышы мүмкүн. Материалдар текшерилип, чакырылган адамдардан түшүнүк алынып жана прокурор менен жактоочунун (алар катышкан учурда) пикирин уккандан кийин судья кеңешүүчү бөлмөдө иши каралып жаткан адамды баңгиликтен мажбурлап дарылоого жөнөтүү жөнүндө же мындай дарылоодон баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн токтом чыгарат. Токтомго кассациялык даттануу берилиши же жалпы тартипте прокурордун кассациялык сунушу киргизилиши мүмкүн. Баңгиликтен мажбурлап дарылоого жөнөтүү жөнүндө соттун токтому ички иштер органдары тарабынан аткарылат.

---

Мурунку берене: [40-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-40)  
Кийинки берене: [42-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-42)
