# 40-статья. Баңгилерди мажбурлап дарылоо

- Документ: [Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/74)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 22-майындагы № 66 "Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 22.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 69 "О наркотических средствах, психотропных веществах, их аналогах и прекурсорах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 марта 2010 года № 40 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О наркотических средствах, психотропных веществах и прекурсорах""](https://aqlex.ai/kg/doc/202927)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/74#diff=937376..937377>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-63/edition/937375/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө, 40-статья (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-40

---

Баңги деп табылган, бирок ыктыярдуу дарылануудан баш тарткан же дарылануудан кийин баңги кылуучу каражаттарды врачтын көрсөтүүсүз колдонуп жаткан жана анын коркунучтуу жүрүш-турушуна байланыштуу ага карата ички иштер органдарына же прокуратурага жакын туугандары кайрылган адам соттун чечими боюнча саламаттык сактоо органдарынын адистештирилген дарылоо мекемесине баңгиликтен дарылоого, ал эми он алты жашка чыккан жашы жетпегендер,- адистештирилген дарылоо-тарбия берүү мекемесине жөнөтүлүшү мүмкүн. Жашы жетпегендер үчүн адистештирилген дарылоо жана дарылоо-тарбия берүү мекемелери Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги тарабынан аныкталат. Мындай оорулууларды дарылоо жана адистештирилген мекемелердин иштөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат. Психикасы катуу бузулган адамдарды же мындай мекемелерде дарыланууга тоскоол болгон башка катуу оорусу бар адамдарды, I жана II топтогу майыптарды, кош бойлуу аялдарды жана бала эмизген энелерди мажбурлап дарылоого жөнөтүүгө болбойт. Андай адамдарга карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик саламаттыкты сактоо органы аныктаган тартипте дарылоо колдонулат. Баңгилерди мажбурлап дарылоого жөнөтүү үчүн материалдарды даярдоо жана бул материалдарды сотко берүү ички иштер органдары тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ишке ашырылат. Өзүн мажбурлап дарылоого жөнөтүү жөнүндө өтүнүч козголгон адам сотко келүүдөн баш тарткан учурда, ички иштер органдары аны күч менен алып келүүгө тийиш. (КР 2010-жылдын 2-мартындагы № 40 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-39)  
Кийинки берене: [41-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-41)
