# 38-статья. Баңгилик дартына чалдыккан адамдарды ыктыярдуу дарылоо

- Документ: [Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/74)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 22-майындагы № 66 "Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 22.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 69 "О наркотических средствах, психотропных веществах, их аналогах и прекурсорах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июля 2005 года №90 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О наркотических средствах, психотропных веществах и прекурсорах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1688)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/74#diff=937375..937376>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-63/edition/937375/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө, 38-статья (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-38

---

Медициналык күбөлөндүрүүнүн же медициналык текшерүүнүн натыйжасында баңги кылуучу каражаттарды жана акыл-эске таасир берүүчү заттарды кыянат пайдаланган жана ага карата "баңги" диагнозу коюлган адам дарыланууга, анын ичинде стационардык же амбулаториялык шартта дарыланууга муктаж экендиги аныкталса, врач-нарколог мындай адамга ыктыярдуу дарылануу курсун өтүүнү сунуш кылууга жана ушундай дарылануу үчүн наркологиялык мекемеге жолдомо берүүгө милдеттүү. Ушундай иш жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик саламаттыкты сактоо органынан алынган уруксат болгон учурда баңгилик каражаттарга жана акыл-эске таасир берүүчү заттарга көз карандылыктан дарылоо менчигинин түрүнө карабастан дарылоо мекемесинде жүргүзүлөт. Дарылануу курсунан өтүү үчүн наркологиялык мекемеге ыктыярдуу түрдө кайрылган адамдын өтүнүчү боюнча дарылоонун жашыруундуулугу камсыз кылынат. Мындай дарылоо жөнүндөгү маалыматтар бул адамды кылмыш-жаза же административдик жоопкерчиликке тарткан учурда, укук коргоо органдарына гана берилиши мүмкүн. Ыктыярдуу дарылануу мезгилине оорулууга ишке убактылуу жараксыздык баракчасы берилет, ал эми дарылануу аяктагандан кийин, анын өтүнүчү боюнча, дарылоонун максатын көрсөтүү менен маалымдама берилет. (КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [37-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-37)  
Кийинки берене: [39-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-39)
