# 34-статья. Баңги кылуучу каражаттарын, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду колдонуу же сатып өткөрүү үчүн граждандар массалык түрдө келүүчү объектилерди пайдалануу

- Документ: [Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/74)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 22-майындагы № 66 "Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 22.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 69 "О наркотических средствах, психотропных веществах, их аналогах и прекурсорах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-63/edition/937375/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө, 34-статья (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-34

---

Граждандар массалык түрдө келүүчү жерлерде (ресторандарда, кафелерде, барларда, казинолордо, видеотекаларда, дискотекаларда жана башкаларда) баңги кылуучу каражаттарды жана акыл-эске таасир берүүчү заттарды системалуу түрдө колдонуу же сатып өткөрүү фактылары аныкталган жана бул мекемелердин жетекчилиги тарабынан ага каршы чаралар көрүлбөгөн учурларда тийиштүү укук коргоо органдарынын сунушу менен мамлекеттик бийликтин аткаруу органдарынын чечими менен мындай объектилердин иши үч айга чейинки мөөнөткө убактылуу токтотулушу, ал эми бир жылдын ичинде аларды ушул эле максатта пайдалануу фактысы аныкталганда - алты айга чейинки мөөнөткө токтотулушу мүмкүн. Эгерде мындай чаралардан кийин деле көрсөтүлгөн объектилер баңги кылуучу каражаттарды жана акыл-эске таасир берүүчү заттарды колдонуу же сатып өткөрүү үчүн пайдаланыла берсе, ушул Мыйзамга ылайык алардын иши токтотулат.

---

Мурунку берене: [33-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-33)  
Кийинки берене: [35-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-35)
