# 33-статья. Транспорт каражаттарын, жүктөрдү жана граждандардын өздүк буюмдарын кароо

- Документ: [Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/74)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 22-майындагы № 66 "Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 22.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 69 "О наркотических средствах, психотропных веществах, их аналогах и прекурсорах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.03.2019 [Закон КР от 29 марта 2019 года № 40 "О внесении изменений в Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111884); 04.07.2005 [Закон КР от 4 июля 2005 года №90 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О наркотических средствах, психотропных веществах и прекурсорах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1688)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/74#diff=937379..937380>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-63/edition/937375/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө, 33-статья (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-33

---

Ыйгарым укуктуу мамлекеттик ички иштер органынын жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик улуттук коопсуздук органыын, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын, бажы иши чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын органдарынын кызмат адамдары баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүү менен байланышкан укук бузуулар жөнүндөгү арыздардын, билдирүүлөрдүн негизинде, же болбосо компетенттүү органдар тарабынан бул туурасында башка ишенимдүү маалымат түшкөн учурда транспорт каражаттарын, алардын ташып келе жаткан жүгүн, айдоочунун жана жүргүнчүлөрдүн өздүк буюмдарын карап чыгууга укуктуу. Баңги кылуучу жана акыл-эске таасир берүүчү касиеттерге ээ болушу мүмкүн болгон же баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун бар экендигине шек туудурган заттар табылганда жана аны андан ары изилдөө зарыл болгондо, ошондой эле айдоочудан же жүргүнчүлөрдөн баңгилик мас абалдын белгилери билингенде, транспорт жана көрсөтүлгөн адамдар зарыл жагдайларды териштирүү үчүн тийиштүү органдарга жеткирилиши мүмкүн. (КР 2005-жылдын 4-июлундагы N 90, 2019-жылдын 29-мартындагы N 40 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-32)  
Кийинки берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-34)
