# 23-статья. Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү

- Документ: [Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/74)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 22-майындагы № 66 "Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 22.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 69 "О наркотических средствах, психотропных веществах, их аналогах и прекурсорах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июля 2005 года №90 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О наркотических средствах, психотропных веществах и прекурсорах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1688)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/74#diff=937375..937376>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-63/edition/937375/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө, 23-статья (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-23

---

заттарды жана прекурсорлорду жок кылуу

Жүгүртүүдө андан ары пайдалануу максатка ылайыксыз деп табылган баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор, ошондой эле заттар, аспаптар жана жабдуулар Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте жок кылынууга тийиш. Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду жок кылуу төмөндөгү учурларда:

- баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткенде;

- баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор химиялык же физикалык таасирден улам кайра калыбына келтирүүгө же кайра иштетүүгө болбой турган даражадагы жараксыз абалга келсе;

- мыйзамсыз жүгүртүүдөн табылган же конфискацияланган баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана медициналык, илимий же башка касиети болбосо жана кайра иштетилиши мүмкүн болбосо;

- соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирсе комиссия аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар камтылган дары каражаттарды жок кылуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик саламаттыкты сактоо органы бекиткен эрежелердин негизинде жүргүзүлөт. (КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-24)
