# 2-статья. Кыргыз Республикасында контролдукка алынууга тийиш болгон баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун тизмеси

- Документ: [Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/74)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 22-майындагы № 66 "Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 22.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 69 "О наркотических средствах, психотропных веществах, их аналогах и прекурсорах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-63/edition/937375/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө, 2-статья (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-2

---

Кыргыз Республикасында контролдукка алынууга тийиш болгон баңги кылуучу каражаттар, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор Кыргыз Республикасында контролдукка алынууга тийиш болгон баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун Тизмесине (мындан ары-Тизме), мамлекетте колдонулган контролдук кылуучу чараларга жараша төмөндөгүдөй тизмелерге киргизилет:

- адамдарга колдонууга тыюу салынган жана Кыргыз Республикасынын дары-дармек каражаттарынын жана мамлекеттик фармакопеянын рецептик маалымдамаларына киргизилбей турган - жүгүртүүсү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдерине ылайык Кыргыз Республикасында тыюу салынган баңги кылуучу каражаттардын IV тизмеси жана акыл-эске таасир берүүчү заттардын I тизмеси;

- Кыргыз Республикасында жүгүртүүсү чектелген жана аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Эл аралык келишимдерине ылайык контролдук кылуу чаралары белгиленген баңги кылуучу каражаттардын I, II, III жана акыл-эске таасир берүүчү заттардын II, III, IV тизмелери;

- прекурсорлордун 1, 2 тизмелери - бул химиялык заттар жана алардын туздары, аларды кайра иштеткенде синтетикалык баңги кылуучу каражаттар же акыл-эске таасир берүүчү заттар алынат; ошондой эле баңги кылуучу каражаттарды же акыл-эске таасир берүүчү заттарды даярдоо процессинде пайдаланылуучу, Эл аралык конвенцияларда прекурсорлор катары катталуучу, Мамкомиссия тарабынан тиешелүү тизмелерге киргизиле турган прекурсорлор катары пайдаланылуучу эриткичтер, кычкылдандыруучулар жана өнөр жайда же турмуш-тиричиликте пайдаланылуучу башка химикаттар.

Препараттарга карата алардын ичиндеги баңги кылуучу каражаттарга, акыл-эске таасир берүүчү заттарга жана прекурсорлорго колдонулгандай эле контролдоо чаралары колдонулат. Эгер препараттар Кыргыз Республикасында көзөмөлдөнүүгө тийиш болгон баңги кылуучу каражаттардын, акыл-эске таасир берүүчү заттардын жана прекурсорлордун Тизмесине киргизилген эки же андан ашык затты камтыса, аларга катуураак контролдонуучу заттар үчүн белгиленген контролдоо чаралары колдонулат. Баңги кылуучу каражаттарга акыл-эске таасир берүүчү заттарга окшош нерселерди Кыргыз Республикасында жүгүртүүгө тыюу салынган. (КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-3)
