# 17-статья. Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду ташуу

- Документ: [Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/74)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 22-майындагы № 66 "Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 66
- Кабыл алынган күнү: 22.05.1998
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.03.2024
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 6 марта 2024 года № 69 "О наркотических средствах, психотропных веществах, их аналогах и прекурсорах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230002580)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 4 июля 2005 года №90 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О наркотических средствах, психотропных веществах и прекурсорах"](https://aqlex.ai/kg/doc/1688)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/74#diff=937375..937376>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-63/edition/937375/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/74/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.03.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттар жана прекурсорлор жөнүндө, 17-статья (06.03.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-17

---

Баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду даярдоо, сактоо, бөлүштүрүү, сатуу, ташып кетүү жана ташып келүү, пайдалануу иштерин жүргүзгөн жана ишкерликтин ушул түрүнө лицензиясы бар юридикалык жана жеке жактар гана Кыргыз Республикасынын аймагында баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду ташууну ишке ашырууга укуктуу. Эл аралык ташууну кошкондо, баңги кылуучу каражаттарды, акыл-эске таасир берүүчү заттарды жана прекурсорлорду ташуу тартиби, ошондой эле бул үчүн зарыл документтерди толтуруу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленет. Баңги заттарды контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган баңги кылуучу каражаттарды жана акыл-эске таасир берүүчү заттарды камтыган дары каражаттарды аба, деңиз кемелериндеги жана транспорттун бардык башка түрлөрүндөгү алгачкы жардам аптечкаларында сактоого жана алып жүрүүгө уруксат бере алат. Медицинада колдонуу максатында аларды ушул Мыйзамдын 21 жана 22-статьяларында белгиленген тартипте сатып алышкан граждандарга баңгилик же акыл-эске таасир берүүчү заттарды сактоого жана ташууга уруксат берилет. (КР 2005-жылдын 4-июлундагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-16)  
Кийинки берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/74/st-18)
