# КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-январындагы № 74-IV "Кыргыз Республикасында Саясий куугунтуктоолордун курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-январындагы № 74-IV "Кыргыз Республикасында Саясий куугунтуктоолордун курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 74-IV
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.11.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/73988>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-6210/edition/877108/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/73988.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.11.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-январындагы № 74-IV "Кыргыз Республикасында Саясий куугунтуктоолордун курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө" токтому (02.11.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/73988

---

КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1963-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 18-январы № 74-IV Кыргыз Республикасында Саясий куугунтуктоолордун курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө

Адам укуктарын жана эркиндиктерин мамлекет менен коомдун жогорку социалдык баалуулугу катары таанып, миңдеген адамдардын жапырт террорун айыптап, идеологиялык жана саясий плюрализмге негизделген демократиялык жана укуктук мамлекетти курууну, жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун иштиктүү механизмдерин түзүүнү, мамлекеттин аларды бузгандык үчүн жоопкерчилигин жактоону билдирип, ошондой эле "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип, акталган жарандардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 30-октябрь - Саясий куугунтуктоолордун курмандыктарын эскерүү күнү деп белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомду ишке ашыруу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине эки айлык мөөнөттө киргизсин.

3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

Ч. Баекова
