Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Жогорку Кеңешинин «Кыргыз Республикасында Саясий куугунтуктоолордун курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление ЖК КР от 2 ноября 2017 года № 1963-VI "Об Указе Президента Кыргызской Республики "Об установлении Дней истории и памяти предков" от 26 октября 2017 года № 231"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-11-02.
КР Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1963-VI токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 18-январы № 74-IV Кыргыз Республикасында Саясий куугунтуктоолордун курмандыктарын эскерүү күнүн белгилөө жөнүндө
Адам укуктарын жана эркиндиктерин мамлекет менен коомдун жогорку социалдык баалуулугу катары таанып, миңдеген адамдардын жапырт террорун айыптап, идеологиялык жана саясий плюрализмге негизделген демократиялык жана укуктук мамлекетти курууну, жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоонун иштиктүү механизмдерин түзүүнү, мамлекеттин аларды бузгандык үчүн жоопкерчилигин жактоону билдирип, ошондой эле "Саясий жана диний ынанымы үчүн, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча куугунтуктан жапа чегип, акталган жарандардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 30-октябрь - Саясий куугунтуктоолордун курмандыктарын эскерүү күнү деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул токтомду ишке ашыруу боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине эки айлык мөөнөттө киргизсин.
3. Ушул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары
Ч. Баекова
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 8-октябрындагы № 461 "Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылкы…Постановление · 08.10.2018 · № 461
- КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 10-октябрындагы № 675-IV "2008-жылдын 10-октябрына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйналышынын күн тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 10.10.2008 · № 675-IV
- Жогорку Кеңешинин 2017-жылдын 2-ноябрындагы № 1963-VI "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2017-жылдын 26-октябрындагы "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүн белгилөө…Постановление · 02.11.2017 · № 1963-VI