# КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-январындагы № 75-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Мыйзам долбоорлорун адистештирилген экспертизаларынын айрым түрлөрүн өткөрүү боюнча стандарттарды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-январындагы № 75-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Мыйзам долбоорлорун адистештирилген экспертизаларынын айрым түрлөрүн өткөрүү боюнча стандарттарды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 75-IV
- Кабыл алынган күнү: 18.01.2008
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/73986>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-6208/edition/497778/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/73986.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2008-жылдын 18-январындагы № 75-IV "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Мыйзам долбоорлорун адистештирилген экспертизаларынын айрым түрлөрүн өткөрүү боюнча стандарттарды бекитүү жөнүндө" токтому (25.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/73986

---

КР Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы № 3546-VII токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2008-жылдын 18-январы № 75-IV

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Мыйзам долбоорлорун адистештирилген экспертизаларынын айрым түрлөрүн өткөрүү боюнча стандарттарды бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламентине ылайык мыйзам долбоорлорунун сапатын бир түрдүү экспертизалардан өткөрүү жолу менен жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде Мыйзам долбоорлорун адистештирилген экспертизаларынын айрым түрлөрүнөн өткөрүү боюнча стандарттар (мындан ары - Стандарттар) бекитилсин (тиркелет).

2. Стандарттар 2008-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.

3. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери мыйзам долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберүүдө Стандарттардын талаптарын так аткарсын.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Ч.Т.Баекова Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын кызматкерлерин Стандарттарга окутуп-үйрөтүүнүн атайын программасын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүк издеп тапсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына жүктөлсүн.

Төраганын орун басары

Ч. Баекова
