# КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 22-январындагы № 3775-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө", "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 22-январындагы № 3775-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө", "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3775-V
- Кабыл алынган күнү: 22.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/73959>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-6181/edition/496266/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/73959.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 22-январындагы № 3775-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө", "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому (22.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/73959

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ ТОКТОМ 2014-жылдын 22-январы № 3775-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө", "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын депутаттары Т. Бакир уулу, Э.А. Кочкарова, Н.А. Мадалиев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" ("Кандын жана анын компоненттеринин донорлугу жөнүндө", "Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле убакта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбооруна карата өз сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемеси менен жазуу жүзүндө 5 жумушчу күндүн ичинде жиберсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети (Д.А. Ниязалиева) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзамдын долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү жана жыйналышта айтылган сунуштарды стенограммага ылайык эске алуу жеткире иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Төрага

А. Жээнбеков
