# КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 16-январындагы № 3759-V "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Kыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 16-январындагы № 3759-V "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Kыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 3759-V
- Кабыл алынган күнү: 16.01.2014
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.01.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/73914>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/6-6143/edition/497850/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/73914.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.01.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 16-январындагы № 3759-V "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Kыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу" токтому (16.01.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/73914

---

ЖОГОРКУ КЕНЕШ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ ПОСТАНОВЛЕНИЕ 2014-жылдын 16-январы № 3759-V "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү жөнүндө" Kыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун биринчи окууда кабыл алуу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Н. А. Мадалиев, Т. Бакир уулу жана Э.А. Кочкарова тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине толуктоо киргизүү женүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору биринчи окууда кабыл алынсын.

2. Мыйзам чыгаруу демилгесинин субъектилери Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетине жана бир эле мезгилде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын эксперттик кызматына жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбооруна карата өздөрүнүн жазуу жүзүндөгү сунуштарын жана түзөтүүлөрүн алардын негиздемелери менен бирге 5 жумушчу күндүн ичинде жөнөтсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети (Д.А. Ниязалиева) жогоруда көрсөтүлгөн Мыйзам долбоорун келип түшкөн жазуу жүзүндөгү сунуштарды жана түзөтүүлөрдү эске алуу менен толуктап иштеп чыксын жана экинчи окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.

Торага

А. Жээнбеков
